World News in Kyrgyz

Өзбекстанда экстремисттик деген онлайн материалдардын тизмеси кеңейди

Өзбекстандын Жогорку соту экстремисттик жана террордук идеяларды камтыйт деген материалдардын тизмесин жаңылады. Тизмеде 1400дөй булак жана материал камтылган.


Кошуна өлкөдө экстремизмге каршы күрөшүү мыйзамы боюнча «кара тизмедеги» материалдарды өлкөгө алып кирүүгө, жасоого, таратууга жана тартуулоого тыюу салынат.


Былтыркы январда тизмеге 800 материал кирген болсо, мурдагы жылдын майында 500 болчу.




Бул жолу Фейсбуктагы 203 баракча, 713 Телеграм-канал, Инстаграмдагы 226 аккаунт, Ютюбдун 135 каналы кирген. Андан тышкары “Одноклассники”, ТикТок жана башка социалдык тармактар менен сайттар бар.


Тыюу салынган мазмунду аныктоо менен Дин иштери боюнча комитет, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана Маалымат агенттиги алектенмекчи.


Коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч жараткан материалдарды чыгаруу, сактоо, таратуу үчүн Өзбекстанда кылмыш жазасы каралган.




 

Читайте на 123ru.net