World News in Kyrgyz

Аба ырайы: жолдор тайгак болот

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 3-февраль күнү Кыргызстандын аймагында кар жок. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүзү 2…7 градус;


Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүзү 4…9 градус;


Баткен облусунда түкүсүн -2…-7, күндүзү 5…10 градус;


Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүзү 5…10 градус;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүзү 1…6 градус;


Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүзү -4…+1 градус болот.


Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -9…-11° суук, күндүзгү температурасы 4…6° жылуу болот.

Читайте на 123ru.net