"Капитал банк санкцияны бузган эмес". Молдовада жарыяланган макала, Бишкектин жообу
Кыргыз бийлиги жергиликтүү “Капитал банктын” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү деген маалыматты четке какты. Расмий Бишкектин мындай билдирүүсүнө молдовалык IRN деп аталган басылмасы жарыялаган макала себеп болду.