World News in Kyrgyz

Орусияда чет жактардан телефон чалууларга тыюу салынышы мүмкүн

Орусиянын өкмөтү жарандарды телефон жана интернет көз боемочулугунан коргоону көздөгөн чаралардын экинчи пакетин иштеп чыкканын билдирди. Документте абоненттин макулдугу жок эле эл аралык телефон чалууларга тыюу салуу каралган. Өкмөт аппаратынын жетекчиси Дмитрий Григоренконун айтымында, мындан тышкары чет жактардан телефон чалууларды белгилөө жана балдар үчүн SIM-карта киргизүү демилгеси бар.
Өкмөттүн бул чаралары тууралуу президент Владимир Путин да 9-декабрда айтып, "кас мамлекеттердин аймагынан кылмыштуу ниетти көздөп жасалган телефон чалууларды бөгөттөө" каралганын белгиледи.
Бир жыл мурун орус бийлиги алдамчылар менен күрөш деген жүйө менен, интернеттен мобилдик жана кадимки телефондорго чалууга тыюу салган. Августта Telegram жана WhatsApp аркылуу байланыш бөгөттөлө баштаган.
Ноябрдын соңунда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси WhatsApp толук жабыла турганын жарыялаган: "Мессенжер өлкө аймагында террордук аракеттерди уюштурууга, жасоого, аларды аткаруучуларды азгырууга, алдамчылык жана ушул сыяктуу кылмыштарды жүзөгө ашырууда колдонулуп, биздин жарандарды тартып жатат".

Аталган мекеме WhatsApp мыйзам талаптарды аткарбаса, Орусияда толугу менен жабыларын эскерткен жана анын колдонуучуларын улуттук кызматтарга өтүүгө чакырган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Грелкин WhatsApp "дипломатиялык сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткени үчүн" бөгөттөлүп жатканын билдирген.
Кыргызстандык айрым мигранттар жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын, ал эми ишкерлер соода-сатык жүргүзгөн Орусиядагы кардарлары менен байланыша албаганын айтышат.
Декабрдын башында орус өкмөтү FaceTime тиркемесин жана SnapChat мессенжерин бөгөттөгөн. Ал жолу да мындай чектөө террорчулук, көз боемочулук жана башка кибер кылмыштар менен күрөшүү чарасы катары түшүндүрүлгөн.

Читайте на сайте