World News in Kyrgyz

Бир жылда мейманкана жана ресторан курууга жумшалган инвестиция 23,2% өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында мейманкана жана ресторандарды курууга жумшалган инвестиция былтыркыга караганда 23,2% өстү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жылдык маалыматында айтылат.

Маалыматта бул тармакты каржылоо элдин жана резиденттердин, ишкана-уюмдардын, банктардын насыяларынын эсебинен жүргөнү, бул булактардын жалпы үлүшү 99,8% түзгөнү белгиленген.

Маалымат жана байланыш объекттерине жумшалган инвестиция дагы былтыркы жылдын январь-ноябрь айларына караганда 17,6% көтөрүлгөн. Билим берүү жана (18,3%), саламаттык сактоо объекттерин (6,3%) куруу үчүн инвестиция көлөмү жогорулаганын көрүүгө болот. Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттерине жумшалган инвестиция көлөмү 5,8% түзгөн.

Бул курулуштарды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, чет элдик гранттардын жана резиденттердин кайрымдуулук жардамынын эсебинен жүргөн. (ST)

Читайте на сайте