Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда каргашалуу окуя 3-январда болгон.
Ал күнү Сузак райондук милиция бөлүмүнүн 102 номерине 35 жаштагы тургун чалып, жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген. Маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Окуя болгон жерден далил буюм катары 1 даана ашканада колдонулган бычак алынган. Каза болгон келиндин сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
️Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркумдун күйөөсү Д.Я. Орусияда иштеп жүрүп, 2-январда үйүнө кайтып келген. Жубайы менен пикир келишпестиктен улам, бычак менен бир нече жолу көкүрөк тушуна сайып өлтүргөн.
4-январь күнү Сузак райондук соту кылмышка шектүүнү камакка алган.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)