Өкмөт мамлекеттик сыйлыктарды кыскартууну сунуштады
Кыргызстандын Министрлер кабинети "Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун сунуштоодо. Ага ылайык, бир катар мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар кыскартылат, айрымдары өкмөттүн карамагына берилет.
Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Кубан Казаков 13-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында билдирди.
Сунуштарга ылайык, жогорку мамлекеттик сыйлыктар кыскартылат, азыркы системадагы 46 сыйлыктан 20сы гана калат.
- "Эрдик" орденин жаңы форматта даражасыз бекитүү.
- Улуттук деңгээлде жаратмандык салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана жеңиштери, жетишкендиктери, баатырдыгы жана эл аралык ийгиликтери менен улуттук сыймыкка айлангандарга "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" деген аталышта эки жаңы ардактуу наам түзүү.
- Мамлекеттик деңгээлде 5 ардактуу наамды гана сактоо:
"Кыргыз Республикасынын эл артисти";
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";
"Кыргыз Республикасынын жаратманы";
"Кыргыз Республикасынын сыймыгы".
- "Данакер" орденин, үчүнчү даражадагы "Эрдик" орденин, "Кыргыз республикасынын Эл акыны", "Ардак грамота" жана ошондой эле "Эмгек сиңирген" категориясындагы ардактуу наамдарды системадан алып салуу сунушталууда
Ошондой эле "Эмгек сиңирген" наамын жана "Ардак грамотаны" бекитүү укугун Министрлер кабинетине өткөрүп берүү сунушталган. Мыйзам кабыл алынса, мурдагы мамлекеттик сыйлык макамындагы "Эмгек сиңирген" наамын жана "Ардак грамота" берүү тартибин өкмөт аныктайт.
Мамлекеттик сыйлыктарды бекитүүгө тыюу салуу башка мыйзамдарга да бекитилет.
Мындан тышкары долбоордо мамлекеттик сыйлыктардын категориялары:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасы- "Ата Мекен Баатыры" жана "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы;
- Орден, медалдар, анын ичинде илим жана техника тармагында берилүүчү мамлекеттик сыйлык менен адабият жана искусстводогу Токтогул атындагы сыйлыктарды берүү каралган.
Мамлекеттик сыйлык ээлерине социалдык кепилдиктерди президенттин бирдиктүү жарлыгы менен бекитүү сунушталган.
Кубан Казаковдун маалыматына караганда, 2010-2025-жылдар аралыгында "Баатыр эне" орденин жана "Эне даңкы" медалын кошпогондо, 1034 мамлекеттик сыйлык, 2837 "Ардак грамота" жана 2215 ардактуу наам тапшырылган. (ZKo)