World News in Kyrgyz

2025-жылы жабык жайлардагы кыйноо боюнча бир гана иш козголгон

Кыргызстанда 2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу 43 арыз түшүп, Ысык-Көл облусунда болгон окуя боюнча гана арыз-доомат аныкталып, бир кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 15-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө ылайык, калган арыздар териштирүү учурунда аныкталган эмес жана ушундан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Үмүткан Коңкубаева арыз берген адамдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ошонун негизинде жыйынтык чыгарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева укук коргоо уюмдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине берген баяндамасына ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы кыйноолорго байланыштуу 124 факты катталганын, 2024-жылы бул көрсөткүч 151ге жеткенин айтты. Бирок көп учурда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынарын билдирип, бул кооптуу экенин кошумчалады.

2025-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, анын функциялары акыйкатчы институтунун курамына киргизилген. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул чечимге тынчсыздануусун билдиришкен. Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган бул улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн.

Быйыл жыл башында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери эки адамды мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук көрсөткөн деген шек менен кармалган. (BTo)

Читайте на сайте