World News in Kyrgyz

Аба ырайы: кар жаайт, тоолуу жолдордо көчкү коркунучу бар

Кыргызгидрометтин чукул билдирүүсүнө ылайык, 16-январда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

17-18-19-январда абанын температурасы кескин төмөндөп: өрөөндөрдө түнкүсүн -25°, күндүз -15° чейин түшөт.

Күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек жана Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолдорунун ашууларында да кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.
16-январда түнкүсүн Талас, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртен менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн-1°…+1°, күндүз 4…6° жылуу болот.

Читайте на сайте