Мас айдоочуларга каршы жазаны күчөтүү сунушталды
Мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында биринчи окуудан өттү.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) сунуштап жаткан документке ылайык, ичимдик ичип алып машине айдагандар эки жылга, кийин эки жылдан соң да ушундай эле мыйзам бузуу менен колго түшсө төрт жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча мас айдоочунун айдоочулук күбөлүгү бир жылга алынат.
Спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан айдоочулар ушул тапта үч күнгө камакка алынса, эми аларды эки жылга машине айдоо укугунан ажыратуу каралууда.
Андан тышкары мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк албай же машине айдоого укугу жок туруп, мас болуп автоунаа айдагандарды 10 күнгө камакка алуу сунушталды. Азыр мындай укук бузуу үчүн үч күнгө камакка алуу жазасы каралган. Ушул эле жорук үчүн жашы 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптыгы бар адамдар, боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айыпка жыгылат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 7 102 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 743 адам каза болуп, 10 миң 479 адам ар кандай жаракат алган. 2025–жылдын 11 айында 7 790 жол кырсыгы болуп, андан 795 адам мүрт кетип, 11 миң 210 киши жаракат алган. (BTo)