World News in Kyrgyz

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы киргизилет

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Ал “Азаттыкка” жакын арада жарлыкка өзгөртүү киргизилип, аяктоо мөөнөтү жок айдоочулук күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы киргизилерин айтты. Анын сөзүнө караганда, мындай күбөлүктөрдү алмаштырууга белгилүү бир убакыт берилет жана ал аяктагандан кийин мөөнөтсүз күбөлүктөр жараксыз болуп калат.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Бообек Салимжановго шилтеме берип, мөөнөтсүз күбөлүгү бар айдоочулар өлкө ичинде машине айдаса аны алмаштыруу зарылчылыгы жок экенин жазып чыгышкан.

Кыргызстанда 15-февралга чейинки убакта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга болот. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев эгер зарылчылык болсо ал дагы узартыларын айткан.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жоюлуп, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу зарылчылыгы былтыр күзүндө жарыяланган. 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган.

Башта мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар медициналык кароодон өтүүгө тийиш болчу. Ушундан улам ооруканаларда узун кезектер пайда болуп, кийин медициналык кароодон өтүү талабы жокко чыгарылган.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жарандар сынаксыз жана акысыз ала турганы айтылганы менен, документин “Түндүк” тиркемеси аркылуу жаңылаган жарандар ал үчүн 600 сомдон 1200 сомго чейин акы төлөшкөнүн билдирүүдө. (BTo)

Читайте на сайте