Мамлекеттик басма сөз каражаттары бириктирилди
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жүргүзүлүп жаткан реформага ылайык, бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары бир басма сөз үйүнө киргизилди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин маалыматына караганда, "Кырчын" жана "Жеткинчек" журналдары жоюлду.
Ал эми мурда өз-өзүнчө иш алып барган "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттери, "Байчечекей" балдар журналы жана жаңы түзүлгөн "Ала Тоо" адабий журналы бир басма сөз үйүнө киргизилди. Мындан ары бир гана басма үйү, бирдиктүү жетекчилик жана жалпы административдик-башкаруу аппараты болот.
Тагаев белгилегендей, бул басылмалардын баары мамлекеттик камсыздоого өткөрүлдү. Буга чейин бул гезит-журналдар өз айлыгын өздөрү таап келген. Эми алардын кызматкерлеринин эмгек акысы толугу менен мамлекеттен төлөнөт жана атайын эсебине түшкөн каражаттан калем акы кошумча төлөнүп турат.
"Бул мазмунду кыскартуу же улуттук басылмалардан баш тартуу эмес. Бул тартип орнотуу, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжал пайдалануу. Үнөмдөлгөн ресурстарды биз мазмунду өнүктүрүүгө, материалдардын сапатын жогорулатууга жана басылмаларды модернизациялоого багыттайбыз. Биздин максат мамлекеттик басма сөз каражаттарын сактап калуу, аларды туруктуу, заманбап жана коомго чындап керек болгон деңгээлге чыгаруу", - деп жазды Тагаев Фейсбуктагы баракчасына.
Кыргызстанда мындан тышкары мамлекеттен каржыланган "Эркин Тоо" басылмасы, УТРК жана ЭЛТРК телерадиоканалдары бар.(ZKo)