Ингушетияда зомбулуктан качкан кыздын жакындарына кылмыш иши козголду
Орусиянын курамындагы Ингушетияда зомбулуктан качкан Айна Манькиеванын туугандарына карата кылмыш иши козголду. Ал былтыр апрелде үйүнөн качып кеткен. Быйыл 15-январга караган түндө туугандарынын уурулук тууралуу арызынын негизинде Москвада кармалган. Айна полицияга үй-бүлөсүндө сексуалдык зомбулукка дуушар болгонун билдирген.
Ингуш полициясы кыздын жакындарына карата козголгон кылмыш беренесин жана кандай зомбулук жасалганын ачыктаган жок.
Айна Манькиева 15-январга караган түндө хостелде кармалган. Свиблово райондук полиция бөлүмүндө ал эртеси күнү кечке чейин кармалган, аягында адвокаты менен чогуу чыгып кеткен. Полиция бөлүмүндө өзүнө сексуалдык зомбулук жасаган туугандарына каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен арыз жазган.
Көзү начар көргөнү үчүн майыптыгы бар Айна Манькиева 21 жашта.
Кыз үйүнөн качып кеткен соң туугандары аны издөөгө беришкен. Сегиз айдан кийин гана алар күтүүсүздөн кызды уурулукка айыпташкан. Ингушетияда бул ыкма үйдөн кетип калган аялдарды полициянын жардамы менен кайтаруу максатында көп колдонулары айтылып жүрөт.
Айнанын атасы Хамбор Манькиев 2012-жылы Грозныйдагы таанышынын кызын сатууга аракет кылганы үчүн адам сатууга айыпталган.
Манькиева көп балалуу, баталхажин деп аталган диний топко мүчө үй-бүлөдөн чыккан.
Бул топтун мүчөлөрү өздөрүн XIX–XX кылымдарда жашаган Батал-Хажи Белхороев аттуу суфи шейхтин жолун жолдоочуларыбыз деп аташат. Бул Ингушетиядагы эң таасирдүү жана жабык топтордун бири, ага 20 миңдей киши мүчө.
2023-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) сот чечими менен "Баталхажиндердин аскер канаты" тобун террордук уюмдардын тизмесине киргизген.