World News in Kyrgyz

Кыргыз жарандарын Түркияда акысыз дарылатуу иши жанданат

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуп, тараптар кыргыз жарандарын Түркияга дарыланууга жөнөтүү боюнча иштерди жандандырууну макулдашты.

Расмий маалыматка караганда, жыл сайын бериле турган 150 акысыз квотанын 100үн Түркиянын элчилиги, калган 50 квота менен кимдер барарын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.

Андан тышкары Бишкектеги Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо, кыргызстандык адистерди Түркияда 3–6 айлык тажрыйба алмашууга жиберүү маселелери талкууланды.

Эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоого байланыштуу 2014-жылы кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен жыл сайын 100 бейтап барып дарыланып келген. Ал 2019-жылы 150гө көбөйгөн.

Бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам бейтаптардын Түркияга акысыз барып дарылануусу токтотулган. Кыргызстан буга чейин Түркиядан квотаны дагы көбөйтүп берүүнү сураган. (BTo)

Читайте на сайте