Кыргызстанга былтыр 21 миллионго чукул чет өлкөлүк жаран кирген
2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан чет өлкөлүк 20 млн 978 миң 965 жаран өтүп кирген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көп. 2024-жылы 17 млн 682 миң 929 чет өлкөлүк кирген болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 17 млн 480 миң 097 адам болчу. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 23-январда жарыялады.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылы сырттан кирүү агымынын кескин өсүшү туризмдин өнүгүшү, эл аралык каттамдардын кеңейиши, ишкердик жана инвестициялык байланыштардын өсүшү жана башка себептер менен шартталган.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда 2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы (кыргызстандыктар да, чет элдиктер да) 37 млн 50 миң 223 адам кирип чыккан. Анын ичинен 18 млн 574 мин 22 адам кирген болсо, 18 млн 476 мин 201 киши Кыргызстандан сыртка чыккан.
Ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу 3 млн 260 мин 642 транспорт каражаты өтсө, анын ичинде 1 млн 690 мин 357 унаа өлкөгө кирген.
Мекеме ошондой эле чек ара жана миграция мыйзамдарынын сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүлгөнүн белгиледи. Ага ылайык, 2025-жылы документтери талапка жооп бербеген 28 мин 593 адам аныкталып, алардын ичинен 28 миң адам чек арадан өткөрүлгөн эмес. Өлкөдө болуу эрежелерин бузганы үчүн 2 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран депортацияланган.
Маалыматта "чет өлкөлүк жарандардын көбөйүшү Кыргызстандын туризм жана бизнес үчүн ачык, коопсуз жана жагымдуу өлкө катары позициясы бекемделгенин, ошондой эле аймактык жана эл аралык жараяндарда ролу өсүп жатканын тастыктайт" деп жазылган.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 22-майда “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын жөнгө салуу чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлык, белгиленген шарттар аткарылган учурда, миграциялык эрежелерди бузган чет өлкөлүктөрдү жоопкерчиликтен убактылуу бошотуу жана алардын макамын мыйзамдаштыруу максатын көздөйт. Жарлыкка ылайык, өлкө аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2025-жылдын 22-майынан 10-июнунa чейин өз макамын мыйзамдаштырган.
Азыркы күндө Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандардын көбү куруу жана тигүү тармагында эмгектенет. Мамлекеттен өлкө аймагында иштөөгө квота алгандардын саны 36 миң. Алардын 15 миңи Кытайдын, 3,8 миңи Пакистандын, калганы Түркия, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүн жарандары.
Өкмөттүн тиешелүү тескемесине ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга 42 миң квота берилген. 2024-жылы Кыргызстанга келип иштейм деген чет элдиктерге 25 миң квота бекитилген.(ZKo)