World News in Kyrgyz

Бакай-Ата районунун акими токой аянттарын мыйзамсыз иштетүүгө байланыштуу кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата районун акими А.Б.М. жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын “Талас” токой чарбасынын директору А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары мыйзам талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактыларына шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп алып Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда жайгашкан жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан аныкталган. Мамлекеттик токой фондуна таандык тилкелер М.Н.И. (3,2 гектар), К.у.Ч. (3 гектар), А.Г.А. (2 гектар) жана С.М.Т. (1,2 гектар) аттуу жарандарга бөлүнүп берилип, ал жерде туруктуу эс алуу жайлары курулган. А.Г.А. инициалдагы адам акимдин аялы.

Жер тилкелери милдеттүү түрдө токой чыгымдарын эсептебестен жана төлөбөстөн, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун албастан, кадастрдык органдарда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн, архитектура жана шаар куруу органдарында тиешелүү каттоодон өтпөстөн берилген. Натыйжада токой жоготуулары үчүн төлөм төлөөдөн качуудан келтирилген зыяндын өзү эле 23 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары аким А.Б.М. 2024-жылы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуп, тиешелүү уруксаттын жоктугуна карабастан кызматтын кызыкчылыктарына каршы иш-аракет кылып, Ак-Дөбө айыл аймагынын, Бакай-Ата районунун мурдагы депутаты С.И.А. жана Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.О.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп, Бакай-Ата районунда 475 мырза теректи кыюуга уруксат берген. Натыйжада мамлекетке 5 млн 310 миң 505 сом зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча козголгон кылмыш иши козголгон. Анын алкагында кармалган А.Б.М. жана А.Н.Ж. Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бекмурза Ашимов Бакай-Ата районунун акими кызматына 2025-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгын жетектеген. (ErN)

Читайте на сайте