World News in Kyrgyz

24-январдын аба ырайы: Түнкүсүн кар жаайт

24-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Кээ бир жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндуз 0…-5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндуз 0…-5

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1

Нарын облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -13…-18

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -11…-13°, күндүз 0…-2° суук болот.

Читайте на сайте