Президент Анар-Бактагы мыйзамсыз салынган үйлөрдү кыш бүткөнчө бузбоого тапшырма берди
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Анар-Бак жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү боюнча маалымат алып, интернетте тараган видеолорду көргөн соң кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады: “Ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт. Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган имараттар гана алынат жана тазаланат”. Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, – деди Дайырбек Орунбеков.
Бишкектин Октябрь районундагы Анар-Бактын айрым тургундары 22-январдын кечинде №406 муниципалдык аймактык башкармалыктан эскертүү алышкан. Анда 4 үйдүн ээси бир күндүн ичинде үйлөрү турган жер тилкесин бошотушу керектиги айтылган. Кагаз жүзүндө берилген билдирүүдө бул үйлөрдүн курулушу мыйзамсыз экени белгиленген.
23-январда ал үйлөрдү бузуу үчүн “Тазалык” ишканасынын атайын техникасы тартылып, коомдук коопсуздукту кароого милиция да барган. Үйлөрү бузулары айтылган эл топтолуп, бийликтин аракетине каршылык билдиришкен.
Ондогон тургундар чогулган жерге Октябрь районунун акиминин орун басары Марат Турсунов жана №406 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Нурсултан Нурлан уулу барды. Алар өткөн жылдын күз айларында конуштагы курулуштар эсепке алынганын, ал эми 20-январда кайра дрон учурганда жаңы үйлөр салынып калганын белгилеп, үй ээлери мыйзам бузганын билдиришти.
Марат Турсунов алгач үйлөрдүн ээсине бир күн уруксат берилерин айтып, кийин 20 күндүк мөөнөт берилгенин айтты. Мындан соң техника жана укук коргоо органдары артка кайтып, чогулгандар тарап кетишти.
Апта башында Анар-Бактын тургундары конушка расмий “калктуу конуш” макамын берүүнү суранып, бийликке кайрылган. Мында жалпы 600 жер тилкеси бар. Анын 400үнө үй салынып, 200гө чукулу мунапыстын алкагында кызыл китеп алган. (KS/ErN)