Токтогулда кишини сүзүп, машинасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды
Токтогул районунда жол жээгинде бараткан адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.
20-январда саат 7:40 чамасында Токтогул райондук милициясына Бишкек-Ош автожолунун Токтогул районунун аймагында 60 жаштардагы адамды белгисиз унаа сүзүп, киши мерт кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү учурунда автоунаанын айдоочусу качып кеткени аныкталган. Жалал-Абад облусундагы жол коопсуздук кызматкерлери автоунаасы менен жаранды сүзүп, качып бараткан айдоочуну Төө-Ашуудан кармашкан. Ал машинасын эвакуаторго жүктөп бараткан.
Учурда бул окуя боюнча Токтогул РИИБинде тергөө жүрүп жатат.
Адам өмүрүн алган дагы бир автокырсык 23-январда Бишкек-Торугарт жолунда катталды. Жолдун 36-чакырымында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда болгон кырсыктан бир аял каза тапты. Дагы бир аял жана секелек кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Маалыматка ылайык, “Хюндай-Соларис” автоунаасынын айдоочусу машинасын башкара албай калып, жол четиндеги даракты сүзгөн.
ЖКККБ маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кырсыктардан бир жылда канча адам каза болуп, канчасы жабыркаганы жазылган эмес.
Мурдараак 11 айдын эсебинде 7 790 жол кырсыгы катталып, андан 795 адам набыт кетип, 11 миң 210 киши жаракат алганы кабарланган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 7 102 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 743 адам каза болгон. Ал жылы 10 миң 479 адам ар түрдүү жаракат алган. (ZKo)