World News in Kyrgyz

Кара-Кулжада жер титиреди

24-январга караган түндө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында жер титиреди. Силкинүү саат 1:32де катталып, күчү 3 баллды түзгөн.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу аймактагы Терек-Суу айылынан түндүк-чыгышты көздөй 2 чакырым, ал эми Сары-Бээ айылынан түштүк-батышты көздөй 4 чакырым аралыкта катталган.
24-январда таңкы саат 5:07де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында да силкинүү катталып, күчү 3,5 баллды түзгөнүн Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, аймактагы силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Ачык-Суу айылынан 18 чакырым, Кабык айылынан 33 чакырым аралыкта - Тажикстандын аймагында болгон.

Аталган айылдарда жер титирөөнүн күчү 3,5 балл болуп сезилген.
Кыргыз-тажик чек арасында силкинүү 2-январда да катталып, очогу Ош шаарынан түштүк-батыш тарапта 127 чакырым аралыкта турган Заалай тоо кыркаларында болгон. Эл жашаган аймактарда силкинүүнүн күчү сезилген эмес.
Кыргызстанда күчү 2-3 баллды түзгөн силкинүүлөр өткөн жылы арбын катталды. Былтыр март айында очогу Казакстанда болгон жер титирөөнүн толкуну Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жеткен. Айрым райондордо дубалдарынан жарака кеткен үйлөр катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.(ZKo)

Читайте на сайте