World News in Kyrgyz

Насыя алууга "Түндүк" аркылуу өзүнө тыюу салгандар 150 миңден ашты

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салган жарандардын саны 150 миңден ашты. Улуттук банктын маалыматына караганда, 23-январга карата 151 миң 249 адам түрдүү банктардан жана электрондук капчыктардан насыя алууга өзүнө тыюу салышты.

2025-жылы июль айында президент Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, каалаган адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу сала алат.

1-ноябрдан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.

Банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу салуу бар болсо насыя бербеши керек. Бул талап бузулса берилген насыя жараксыз деп табылат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундар көбөйдү. Адамдардын документтеринин маалыматтарын чогултуп анын атынан насыя алып койгон учурлар да бар. (ZKo)

Читайте на сайте