World News in Kyrgyz

2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 адам каза тапты

2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматы маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул мурунку жылга салыштырмалуу 157 адамга көп.

Буга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) 2025-жылы өлкөдө 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталганын билдирген.

Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жалпысынан ылдамдыкты ашыра айдоо, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо, автоунааны мас абалында айдоо, жашы жете электерди рулга отургузуу, каршы тилкеге чыгуу жана жөө адамдарды өткөрбөө себеп болуп жатканы айтылып келет.

Жол кырсыктарын азайтуу максатында "Коопсуз шаар" долбоорунан "Коопсуз өлкө" долбооруна өтүү толук ишке ашырлары тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 23-январда өткөн жылдык коллегиясында айтылды. ИИМдин маалыматына караганда, "Коопсуз өлкө" долбоору былтыр июнь айында башталган. 2026-жылы аталган долбоордун алкагында жалпы Кыргызстан боюнча 20 миң видеокамера орнотулуп, көчөлөрдө жана коомдук жайлардагы коопсуздук системасы жакшыртылат.(ZKo)

Читайте на сайте