World News in Kyrgyz

Ошто айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир адам каза болду

Ошто айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир киши каза болду. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 24-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан 27 жаштагы адам учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Өзгөн райондук милициясынын кызматкерлери ушул эле күнү окуя болгон жерден качып кеткен 33 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү алдын ала маалыматка ылайык, маркум менен кармалган шектүү жол талашып уруша кеткени белгилүү болгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. (BTo)

Читайте на сайте