Орусия Мамдумасы Интернетти өчүрүүгө укук берүүчү мыйзамды жактырды
Орусиянын Мамлекеттик Думасы Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) байланышты чектөө укугун кеңейткен мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду.
"Байланыш тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору Думага ноябрда киргизилген. Ага ылайык, ФСБ уюлдук байланышты гана эмес, стационардык Интернетти да коопсуздукту камсыздоо максатында өчүрүп кое алат. Ал эми байланыш операторлору бул үчүн абоненттердин алдында жоопкерчиликтен бошотулат.
"Мыйзам долбоору ФСБнын ишмердүүлүк багыттары боюнча коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салууга жана терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган. Анда каралган чараларды ишке ашыруу социалдык-экономикалык, каржылык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, анын ичинде бизнеске да терс таасири тийбейт", - деп жазылган документтин түшүндүрмөсүндө.
Мыйзам долбоору каралып жатканда санарип министринин орун басары Иван Лебедев өзгөртүүлөр уюлдук операторлорго каршы көптөгөн соттук даттануулардан улам киргизилгенин билдирди. Ал ошондой эле уюлдук байланышты дрон чабуулу учурунда да чектөө зарыл экенин айтты.
Орусияда уюлдук Интернет дрон чабуулдары учурунда чектелип турат. Интернет иши үзгүлтүккө учуроосу аймактарда гана эмес, Москвада жана Санкт-Петербургда да байкалат. Бийлик чектөөлөрдү коопсуздук максатында деп билдирет. Интернет Жеңиш парадына карата президенттердин визити учурунда жана парадга даярдык учурунда да өчүрүлгөн.
Мындай чектөөлөр такси, жеткирүү, онлайн банкинг жана башка Интернеттен көз каранды тармактардын ишин үзгүлтүккө учуратып, ишкерлердин нааразылыгын жараткан.