Нарында жер титиреди
30-январь күнү саат 8:54те Нарын аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллды түздү.
Андан тышкары Жан-Булак жана Достук айылдарында 3,5 балл, Куланак, Миң-Булак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2 балл болуп сезилди.
Баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жок.
Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын түштүгүндө, кыргыз-тажик чек арасында күчү 2,5-3,5 баллды түзгөн бир нече жолку жер силкинүү катталды.
Былтыр март айында очогу Казакстанда болгон жер титирөөнүн толкуну Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жеткен. Айрым райондордо дубалдарынан жарака кеткен үйлөр катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.(ZKo)