World News in Kyrgyz

Экология министри Машиев Бишкекте жана Чүйдө аба тазарып жатканын айтты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында маалымат берди. Мындай тыянакты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет ишканасынын изилдөөсүнүн негизинде чыгарганын түшүндүрдү.

Машиев Бишкектеги абанын булганышынын эң негизги себеби турак үйлөрдө көмүрдүн жагылышы экенин, бул жалпы көйгөйдүн 40% түзөрүн тактады.

“Эски унаалардан чыккан газдар экинчи орунда турган булак жана ал 30% ээлейт. Андан кийин жылуулук электр борборунун 15% үлүшү бар. Төртүнчү негизги булак – шамал менен келген жана шаардын ичиндеги чаң 13,5%. Ал эми калган 1,5% өнөржай ишканалары түзөт”, - деди Машиев.

Министр ыштын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү үчүн өкмөт турак үйлөрдү газдаштырууга берилип келген насыянын пайызын 8 пайыздан 3% түшүргөнүн кошумчалады. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 150 миллион сом бөлүнүп турат.

Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат.

Читайте на сайте