World News in Kyrgyz

Кара-Балтанын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 5-февралдагы жарлыгына ылайык, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри Азат Салмурбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду.

Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэрлигине 2025-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин Токмок шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Кара-Балта шаарынын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды.
Исаков буга чейин Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектеп турган. (ZKo)

Читайте на сайте