"Мээнет текке кетпесе". Абалы арсар автомектептер
Турабай Тагаев Бишкекте менчик автомектеп түптөгөнүнө эки жыл болгондо эми анын лицензиясы жокко чыкты. Мамлекет айдоочуларды мындан ары өзү окута турган болууда. Автомектеп менен катар ал 1,5 гектар жерге автодром да курган. Ишкерликке чоң каражат сарптаган Тагаев ушул тапта айласын таппай турат.