World News in Kyrgyz

ЖАМК Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун өлүмүн ырастады

17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) маалыматты ырастап, Абдыровдун өлүмүнүн жагдайы тууралуу маалымат берди.

"2026-жылдын 07-февралында, болжол менен саат 12:30 чамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (мындан ары ТИЗО-1) абак бөлмөсүнүн ички тор эшигинде, өзүнүн шымын колдонуп айыпталуучу А.К.К., асылып турган абалда табылган.

Мекеменин дарыгерлери тарабынан көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан айыпталуучу А.К.К., ошол жерден көз жумган", - деп жазылган маалыматта.

Айыпталуучу А.К.К., ЖАМКнын №21 мекемесине (ТИЗО-1), 2025 жылдын 17-декабрында, Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖнан которулган.

Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таянып ал өз жанын кыйганын, сөөгү абакта асылган абалда табылганын жазышты.

Мукашева былтыр 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан.

Читайте на сайте