Тартылган Ысык-Көл, соолуган дарыялар
Акыркы он жылда Ысык-Көл өтө тездик менен тартылып баратканы дароо көзгө урунат. Суу астында жаткан чоң таштар жээкке оркоюп чыгып, көл айрым жерлерде он метрге чейин тартылган. Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышынан улам Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-сайлар соолуп калды. Көлдүн экосистемасы бузулдубу? Изилдөөчүлөрдүн илимий тыянактары кандай? “Данисте” бул жолу Ысык-Көлдүн азыркы абалы тууралуу айтып берет.