АКШнын вице-президенти Вэнс Ереванда Армениянын премьери Пашинян менен жолукту
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс дүйшөмбүдө Ереванда Армениянын премьери Никол Пашинян менен жолукту. Андан кийин алар биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, эки өлкөнүн делегациялары сүйлөшүү жүргүздү. Жетекчилер тынч максаттардагы атомдук кызматташтык тууралуу документке кол коюшту. Вэнстин айтымында, АКШ Армениянын өзөктүк энергетика тармагына 9 млрд доллар инвестиция салат.
Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү буга чейин акыркы жолу Арменияга 2008-жылы барып кеткен.
Еревандан кийин Вэнс Азербайжанга бет алат.
Расмий Вашингтон Кавказдагы бул эки өлкөгө сапар эки тараптын тынчтык келишимин колдоону көздөгөнүн билдирген. Маалыматка караганда, жолугушууларда кеп Азербайжан менен Нахичеван автономдуу жумуриятынын ортосундагы транспорт коридору тууралуу жүрөт. Ал жол Армениянын аймагы аркылуу өтөт.
Бул маршруттун ачылышы тууралуу өткөн августта макулдашылганы менен бир топ чечиле элек маселелер калууда.
Байкоочулар Вэнстин визити АКШнын Түштүк Кавказдагы позицияларынын бекемдешинен кабар берерин белгилешет. Мурдарак эки өлкө тең америкалык президент Дональд Трамп түптөп жаткан Тынчтык кеңешине катышуу сунушун кабыл алышкан.
Ак үйдүн өкүлү бул сапар учурунда АКШнын аймактагы көп жылдардан берки өнөктөшү болуп келген Грузияга барбайт. Өлкө Тынчтык кеңешине да чакырылган эмес, транспорт коридору да ал аркылуу өтпөйт.
Тбилиси АКШнын мурдагы администрациясы киргизген санкцияларды алып салдыруу аракетин көргөнү менен, азырынча ийгиликке жете элек.