Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Сот мындай чечимди 10-февралда анын Биринчи май райондук сотунун чечимине апелляциялык арызын карагандан кийин кабыл алды.
Темирлан Султанбеков соттук териштирүү башталганга чейин журналисттерге өзүнүн камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, тергөө абагында укуктары бузулуп жатканына даттанды:
"Көрүп турасыздар, бул илгеркидей эле саясий куугунтук. Маалымат каражаттарына кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Керек болсо кат жазганга уруксат бербей коюшту. Каттарды алуу жана жиберүүгө такыр мүмкүнчүлүк берилген жок. Беш кишини өлтүрүүгө айыпталып жаткан маньяктарга жакындары менен жолугушууга уруксат берилет, бирок бизге уруксат жок. Тергөөнүн баары жабык, сот да жабык өтүп жатат. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Биз эч качан коркпойбуз жана багынбайбыз. Бул күндөргө да тарых баасын берет".
Темирлан Султанбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айып тагылган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-январдагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев менен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 17-мартка чейин камакта калган.
Булар менен кошо кармалган экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана маңзаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровго таандык экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. (DSh/ZKo)