Чек ара кызматы УКМК курамынан чыгарылды
Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамынан чыгарылды.
Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлгөн.
Убагында бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылган.
Чечимди бир катар ардагер чек арачылар сындап чыгышкан. Алар Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башчысы - УКМК төрагасы чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссияны жетектеген учур болбогонун жүйө келтиришкен.
Чек ара кызматы ушуну менен үчүнчү жолу атайын кызматтын курамына кирип, кайра чыгарылды.
УКМКга акыркы жолу кошулганга чейин Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрүнөн эл аралык маңзат соодасына каршы күрөшүү жана адам сатууга каршы туруу сыяктуу эл аралык гуманитардык миссиясын аткарган. БУУнун, ЕККУнун жана Эл аралык миграция уюмунун атайын каржыланган чөлкөмдүк программалары менен кызматташкан.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 10 февралда Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду.