World News in Kyrgyz

"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал

Соңку күндөрү Кыргызстанда саясий майдан кызып, бир катар күтүүсүз окуялар орун алды. Эки күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, ал мындай чечимди күтүүсүз болгонун билдирди. Бүгүн болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу отставкага кетип, учурда парламенттин жаңы спикери тандалууда. Бул окуялар менен катар президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү сунуштаган “Жетимиш бешчилердин” кайрылуусу боюнча иш козголуп, беш адам камакка алынды. Ал тапта президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактоо өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болду. Соңку күндөрдөгү бул окуялардын түйүнү эмнеде? Бул суроону “Азаттыктын” Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз.

Читайте на сайте