World News in Kyrgyz

Жапаров УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери болсо чара көрүлөрүн айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук, айрымдарын ашыгы менен аткарганын, эми реформа жүргүзүлөрүн айтты.

Өлкө башчы “атайын кызматта заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа болорун” дүйнө өзгөрүп жаткандыктан, мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл экенин билдирди.

Журналисттин “социалдык тармактарда коррупцияга жана криминалга каршы күрөш учурунда атайын кызматтын айрым өкүлдөрү жеке кызыкчылыктарын көздөп, Ташиевдин атына таянып мыйзамсыз аракеттерге барган деген дооматтар айтылууда. Бул фактылар иликтенеби? Натыйжада кандай чечимдер кабыл алынат же “жакшы иштер көп” деген жүйө менен көз жумуу болобу?” деген суроосуна да жооп берди.

“Эгер атайын кызматтын же башка мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрү мыйзам чегинен чыгып, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан фактылар аныкталса, алар сөзсүз түрдө иликтенет жана жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз”, - деди Садыр Жапаров.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди.

Садыр Жапаров “Кабарга” берген интервьюсунда кызматтан алардын алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, айтканын билдирди.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Андан бери бир катар адамдар уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген кине менен кармалды.

Атайын кызмат жакында эле УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген. Мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештирилген делген бир катар объекттер мамлекетке алынган. Айрымдар ишкерлерге кысым күчөгөнүн айтып чыгышкан. (BTo)

Читайте на сайте