World News in Kyrgyz

Казакстанда бир заводдун ондогон жумушчусу кыскартууга кабылды

Казакстандын Маңгыстоо облусундагы айнек-пластик түтүктөрдү чыгарган заводдун кыскартууга кабылган 80ге жакын кызматкери митингге чыгып, өз талаптарын айтышты. Бул тууралуу 13-февралда Lada.kz басылмасы жазды.

"Бул жерде баары жергиликтүү тургундар иштейт, кызматкерлердин көбүнүн эмгек стажы 20 жыл жана андан көп. Баарыбыздын үй-бүлөбүз бар, үчтөн жана андан көп балабыз бар, кредиттерибиз бар, инфляция азыр өтө жогору. Азыр бизди кыскартуу коркунучу күтүп турат. Үй-бүлөбүздү кантип багабыз, төлөмдөрдү кантип жабабыз? Бизди “Мангистаумунайгаздын” курамына кайтарууну жана туруктуу жумушту каалайбыз", - дешти жумушчулар.

Алардын айтымында, иш жоктугунан улам жети ай бою айлык маянанын 50 пайызы сакталып турган өргүүдө болушкан.

Мурда завод «Мангистаумунайгаз» акционердик коомунун курамына кирген, кийин жеке менчикке өткөрүлгөн.

Басылманын маалыматына караганда, компаниянын жетекчилиги жогорку атаандаштыкка байланыштуу ишкана өзүн банкрот катары жарыялоого жакындап калганын жана бардык кызматкерлерге айлык төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Ишкананын директору Данияр Шманов Алматыда жаңы технологиялар колдонулган ушундай эле завод ачылганын, ошондуктан "эки цехтин иштеши үчүн жетиштүү заказдар жок болгондуктан кыскартууга барууга аргасыз болгонун" айткан.

Кыскартууга кабылган кызматкерлер Маңгыстoo облусунун акимчилигине кайрылышты. Азырынча акимчилик бул жагдай боюнча коомчулукка ачык билдирүү жасай элек.

Айнек-пластик түтүктөр заводунун иштеп жатканына он жылдан ашты. Lada.kz басылмасынын маалыматына ылайык, 2020-жылдардан тартып завод кадрларды кыскарта баштаган.

Мунай өндүрүүчү Маңгыстоо облусунда эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары жана иш таштоолор көп катталат.

Читайте на сайте