Жапаров: Түндүк-түштүккө бөлүнүүгө жол берилбейт
Президент Садыр Жапаров өлкөдө түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө жол берилбесин айтты. Мамлекет башчы бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Садыр Жапаров өлкө эгемендик алгандан бери эле саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн элди бөлүп, колдонуп келишкенин белгилеген.
"Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо аябай кейигем. Анан ошондо “Кудай буюруп келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам» деп өзүмө сөз бергем", - деди Жапаров.
Мамлекет башчы өзү бийликке келгенден бери райондордун акимдеринен тартып, сот, прокуратура, коопсздук кызматынын, милициянын башчылары ротация кылынганын белгиледи.
"Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн. Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгын көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип атат", - деди президент.
Мамлекет башчы минтип бөлүнүүнү жоюу үчүн Ысык-Көлдө ачылган "Акылман” мектебине өлкөнүн бардык аймактарынан балдар окутулуп жатканын, мындай мектептер ар бир аймактарда ачыларын кошумчалады. Ошондой эле жогорку окуу жайларда бюджеттик квота менен окуган студенттерди да ротациялоо болорун, бул эмдиги жылдын сентябрынан башталарын белгилеген.
Президент элге да кайрылуу жасап, бөлүнбөөгө жана алданбоого чакырган. "Мен акыры түндүк-түштүк деген ооруну жок кылам. Убакыт керек", - деген ал.
Жапаров бийликке келгенден бери аймактарды бөлбөй, баарына бирдей мамиле жасап, инфраструктураларын өнүктүрүп келе жатканын кошумчалаган.(ZKo)