Коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамына кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга кол койгону 16-февралда кабарланды.
Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, мыйзамдын максаты коррупцияга каршы күрөшүү чараларын жакшыртууга багытталган.
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү бийликтерде коррупциянын деңгээлин өлчөөдөгү, санариптештирүү жараянын өнүктүрүүдөгү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана коррупцияга келишпестик атмосферасын түзүүгө багытталган билим берүү, маалыматтык жана алдын алуу иштерин уюштуруудагы кемчиликтерди жоюуну көздөйт.
Мыйзам коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттарын жана милдеттерин, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана милдеттерин, андан тышкары мамлекеттик кызматтар менен жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жана башка тараптардын милдеттерин караган ченемдерди камтыйт.
Мыйзамга коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү, жоопкерчиликке тартуу жана анын кесепеттерин азайтуу жана жоюу чараларын караган ченемдер да киргизилген. Аталган мыйзам менен коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
Мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.
Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганы айтылган. Маалыматка ылайык, жемкорлуктан түшкөн акча толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, мамлекет башчынын буйругу менен ар кандай долбоорлорго, инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалып жатат.(ZKo)