World News in Kyrgyz

2025-жылы Кыргызстанга сырттан 3,4 млрд доллар которулду

Улуттук банктын маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган.

Мунун ичинен басымдуу бөлүгү - 3 млрд 231 млн доллар Орусиядан которулган.

Алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 198 млн доллар, АКШдан 107 млн, Казакстандан 35 млн доллар, Түркиядан 11 млн, Түштүк Кореядан 2 млн доллар келген.

Улуттук банктын маалымдашынча, 2025-жылы Кыргызстандан Орусияга 329 млн доллар, КМШ өлкөлөрүнө 340 млн, АКШга 1 млн доллар которулган.

Башкы банк бул акчаны жарандар эл аралык акча которуу системалары, банктардын мобилдик тиркемелери жана электрондук капчыктар аркылуу которушканын белгиледи. 2024-жылы сырттан 2,9 млрд доллар, 2023-жылы 2,7 млрд доллар которулган.(ZKo)

Читайте на сайте