Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт
17-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° жылуу болот.