World News in Kyrgyz

Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаровдун 16-февралдагы буйругу менен Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду.
Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2020-жылдан бери башкарып келе жаткан.

Мамлекет башчы ушул эле күнү Транспорт жана коммуникация министрин да кызматтан алган.(ZKo)

Читайте на сайте