Навальныйды эскерүү акциясында апасы бийликтен адилеттүүлүктү талап кылды
Орусиядагы оппозиция лидери, маркум Алексей Навальныйдын апасы уулу ууландырылып өлтүрүлгөнүн европалык лабораториялардын жыйынтыгы ырастаганын билдирди.
Ал Түштүк Америкадагы уулуу бакалардан алынган токсин колдонулганын айтып, "биз башынан эле билгенбиз... ал өлтүрүлгөн" деди. Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта каза болгон.
Людмила Навальная бул сөздөрдү Москванын Борисовск көрүстөнүндө өткөн эскерүү иш-чарасында айтты. Анда ондогон адамдар Навальныйдын өлүмүнүн эки жылдыгына чогулушту. SOTA Telegram-каналы жарыялаган видеодо адамдар анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп жатканы көрсөтүлгөн. Көрүстөнгө Германия, Италия, Испания, Польша, Латвия жана башка бир катар европалык өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү да келишкен.
Көп жылдар бою коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн жана он жылдан ашуун убакыттан бери Орусиядагы эң таасирдүү оппозициялык саясатчы болуп келген Навальный Ямало-Ненец округунун Харп кыштагындагы катуу режимдеги колонияда 19 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда кайтыш болгон.
Орусиянын бийлиги Навальный табигый себептерден улам каза болгонун билдирип келет. Бирок европалык лабораториялар анын анализдеринен эпибатидин токсинин аныкташкан.
14-февралда Европанын беш өлкөсүнүн өкмөттөрү биргелешкен билдирүү жасап, бул маалыматты ырасташты.
"Бул биз башынан эле билген нерсени тастыктады. Уулубуз түрмөдө жөн эле каза болгон жок, ал өлтүрүлгөн. Балким убакыт талап кылынат, бирок ким жасаганын билебиз. Биз адилеттиктин орношун каалайбыз", - деп кошумчалады Людмила Навальная.
Кремль европалык өлкөлөрдүн билдирүүсүн четке какты.
16-февралда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай айыптоолорду кабыл алышпай турганын билдирди.
"Биз мындай айыптоолор менен макул эмеспиз. Аларды бир тараптуу жана негизсиз деп эсептейбиз. Биз аларды толугу менен четке кагабыз", - деди ал.
Навальныйдын командасынын маалыматында, маркумду эскерүү иш-чаралары Орусияда жана дагы 20дан ашуун өлкөдө өткөрүлмөкчү.