World News in Kyrgyz

Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарланды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жеке булактар кабарлап, ал Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда колго түшкөнүн билдирди. Нургазы Анаркулов кайсыл кылмыш ишине байланыштуу кармалганы белгисиз. Расмий маалымат бериле элек.

Ал Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алынгандан кийин, атайын кызматтын мурдагы жетекчисинин атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.

Нургазы Анаркулов 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган. УКМК аны 2021-жылы февраль айында Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси менен кармап, кызматтан алынган. Кийин эркиндикке чыгып, иш эмне менен бүткөнү айтылган эмес.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Ал 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты. (BTo)

Читайте на сайте