Конституциялык сот: Президенттик шайлоо 2027-жылы өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт
Кыргызстандын Конституциялык соту президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Садыр Жапаров толук алты жыл иштейт жана бул президенттик биринчи мөөнөт деп эсептелет. Бир жаран эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.