World News in Kyrgyz

Муфият Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитти.

Ага ылайык, буудай 1,6 кг – 60 сом, ун 1,6 кг – 90 сом, арпа 3,2 кг – 100 сом, мейиз 1,6 кг – 880 сом, курма 3,2 кг – 1200 сомду түзөт.

Муфтияттын маалыматына караганда, ошондой эле зекетти алтын менен да берүүгө болот. 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом, 85 грамм алтын 722 миң 500 сомду түзөт, анын 2,5 пайызы 18,062 сом деп белгиленди.

Муфтият белгилегендей, битир-садаганы ар бир адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын каалаганына жараша, өз ыктыяры менен жан башына бере алат.

Мусулмандар дин башкармалыгы муктаждарга көбүрөөк пайда тийиши үчүн мүмкүнчүлүгү барлар баасы кымбатыраак азыктардан берүүсү жакшыраак болорун кошумчалаган.

Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Орозо айы бүгүн 19-февралда башталды. Отуз күндүк ооз бекитүүдөн кийин Орозо Айт 21-мартта болот.(ZKo)

Читайте на сайте