World News in Kyrgyz

Жалпы жарандык паспортту эми онлайн алмаштырса болот

Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси 19-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алмаштыруу боюнча арыз "Түндүк" аркылуу алынат жана кызмат кадимки тартипте көрсөтүлөт. Жалпы жарандык паспорттун даярдалуу мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 18 жумуш күнүн түзөт.

"Түндүк" аркылуу жалпы жарандык паспортту колдонуу мөөнөтү бүткөндө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда, документ жараксыз абалга келгенде же жалпы жарандык паспортту жоготуп алган учурда онлайн алмаштырууга болот.

Ошондой эле жарандар арыз тапшыруу учурунда фамилиясын, атын жана атасынын атын латын арибинде транслитерациялоону өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы токтомуна ылайык, атасынын аты (эгер бар болсо) жарандык паспортто жарандын каалоосу боюнча көрсөтүлөт. Эгер каалабаса көрсөтпөй коюуга укуктуу. Ал эми ID картада атасынын аты (эгер бар болсо) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Паспортту онлайн алмаштыруу учурунда сүрөттү мобилдик телефондон жүктөөгө да, тиркеменин ичинде тартууга жана калкты тейлөө борборлорунда тартылган сүрөттү уникалдуу штрих-код аркылуу жүктөөгө да болот.

"Кызмат" мамлекеттик мекемеси жалпы жарандык паспортту алмаштырууда иштеп жаткан электрондук булуттуу кол тамга болушу зарылдыгын эскертти. Кол тамганын бар-жогун "Түндүк" тиркемесиндеги Жеке кабинеттен текшерүүгө болот.

"Кызмат" мекемеси жалпы жарандык паспорт алмаштыруу акысы тууралуу маалымат берген эмес.

Арыз толтурууга байланыштуу суроолор менен жарандар 119 кыска номуру аркылуу чалуу борборуна акысыз байланыша алышат.

Буга чейин кыргызстандык жарандар мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрүн "Түндүк" аркылуу онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.(ZKo)

Читайте на сайте