World News in Kyrgyz

Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши менен бийлик системасынын бир катар тармактарында кадрдык алмашуудан тарта өзгөрүүлөр болуп жатат. Аскердик прокуратура УКМКнын бир нече кызматкерин камакка алып, иликтөөлөрдү баштады. Президент Садыр Жапаров өлкөдө ишкерликке бут тосууну толугу менен токтотууну талап кылууда. Өлкөдө күч органдарынын саясаты өзгөрүп, бийликтин камчысы жумшарабы? Соңку өзгөрүүлөрдүн мааниси кандай? Коомчулук эмнелерге көңүл бурушу керек? Бул суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, юрист Клара Сооронкулова, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жана жарандык активист Руслан Акматбек катышат.

Читайте на сайте