Баткенде мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк жарандарга айып пул салынды
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) “Нелегал” иш-чарасынын алкагында чет өлкөлүк 9 жаранга айып пул салды. Облустук милиция билдиргендей, 17–19-февраль күндөрү Баткен районунда рейд уюштурулуп, бул аймакта иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда жүрүү тартиби жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, тиешелүү эскертүүлөр берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылы Кыргызстанга сырттан келип иштөөчү чет өлкөлүк эмгек мигранттарына 52 миң жумуш орду бөлүндү. Былтыр алгач 25 миң орун бөлүнгөн, кийин 42 миңге чыгарылган.
Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан турат.
Эмгек квотасын бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. (JsA/ZKo)