World News in Kyrgyz

Бишкек: Машина жууган жайлар суусун кайра тазалоого милдеттүү болот

Борбор калаадагы автоунаа жуулчу жайлардын бардыгы иштетилген сууну кайра тазалап, колдонууга милдеттендирилди. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчиси Чыңгыз Жумалиев шаардык кеңештин 20-февралдагы жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул маселе шаардагы унаа жуулчу жайлардын ээлери менен жолугушууда талкууланган.

Автоунаа жуулчу жайларды иштетилген сууну кайра тазалап, колдонууга милдеттендирген токтом 2023-жылы ичүүчү суунун тартыштыгы учурунда кабыл алынган. "Бишкексууканал" ишканасы ишкерлерге сууну кайра иштетүүчү жабдууларды быйылкы жылдын 1-мартына чейин орнотуу талабын эскерткен.

Муниципалдык ишкана башчысы бүгүн шаардык кеңештен бардык унаа жуучу жайларга сууну тазалоочу жабдууларды 2027-жылдын 1-январына чейин орнотууга убакыт берүүнү сунуштады.

Шаар кеңештин айрым депутаттары иштетилген сууну кайра тазалоо талабы автоунаа жуулчу жайларга гана эмес, кафе-ресторандарга, мончо-сауналарга да коюлушу керектигин айтышты.

"Бишкексууканал" ишканасынын маалыматына караганда, автоунаа жуулчу жайлар техникалык сууну эмес, ичүүчү сууну пайдаланышат.

Бишкекте ичүүчү суунун бир тоннасы 10,45 сомдон сатылат.

2023-жылы июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Милиция алардын айрымдарын кармап, камакка алган. (ZKo)

Читайте на сайте