World News in Kyrgyz

Саламаттык сактоо министринин орун басары Маткеримов кызматтан кетти

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы 21-февралда “Азаттыкка” ырастады.

Маткеримов бул кызматка былтыр 15-декабрда дайындалган. Анын кызматтан кетүү себеби айтыла элек.

Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Ал 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен келген. Кесиби боюнча дарыгер жана бир катар медициналык мекемеде иштеген.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ошол учурда Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Ташиевдин отставкасынан кийин кыргыз өкмөтүндө өзгөрүүлөр болуп, төрт министр кызматтан алынып, Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын тапшырды.

Читайте на сайте